Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-июну № 445
2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 206 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэринин кызмат ордуна3 талапкер - Айтемиров Муратбек Камчыбекович "Өнүгүү-Прогресс", "Замандаш", "Жаңы-Доор" депутаттык фракциясынан, Алиев Мурадил Жолдубаевич "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан, Мурзажанов Алтынбек Саматович "Ынтымак" депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Айдаркен шаардык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып,1 турда: М.Айтемировго - 7 добуш, М. Алиевге - 2 добуш, А.Мурзажановго - 10 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 2 добуш; 2 турда: М.Айтемировго - 8 добуш, А.Мурзажановго - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 2 добуш берилгендиги белгиленген.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Мурзажанов Алтынбек Саматович Айдаркен шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мурзажанов Алтынбек Саматович Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Айдаркен шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |