Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021 жылдын 15-июну № 446
2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 207 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер - Бегалиев Бакытбек Турдалиевич "Улуу-Журт", "Ынтымак", "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан, Исаков Толкунбек Талипович "Бүтүн Кыргызстан" депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Кадамжай шаардык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Б.Бегалиевге - 11 добуш, Т.Исаковго - 9 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Бегалиев Бакытбек Турдалиевич Кадамжай шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Бегалиев Бакытбек Турдалиевич Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кадамжай шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |