Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-июну № 447
2021-жылы 8, 9, 10-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Жыргалаң, Кереге-Таш жана Октябрь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү
2021-жылы 8, 9, 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы № 241, 2021-жылдын 25-майындагы № 318 токтомдору менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Жыргалаң, Кереге-Таш жана Октябрь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Торогелдиев Эркинбек Кашымбекович катталган. Талапкер Ак-Булуң айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Ак-Булуң айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Э.К.Торогелдиев - 20 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Торогелдиев Эркинбек Кашымбекович Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Мукалаев Талгат Абдыкадырович катталган. Талапкер Жыргалаң айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Жыргалаң айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Мукалаев Т.А. - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Мукалаев Талгат Абдыкадырович Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Рыскелдиев Бакыт Шаршеевич, Эмил уулу Арстанбек катталган. Талапкерлер Кереге-Таш айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Кереге-Таш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, Б.Ш.Рыскелдиев - 4 добуш, Эмил у. А. - 15 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Эмил уулу Арстанбек Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Кенжебаев Кутман Женишбекович, Молдобаева Шайырбүбү Токтогуловна катталган. Талапкерлер Октябрь айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Октябрь айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, К.Ж.Кенжебаев - 18 добуш, Молдобаева Ш.Т. - 1 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Кенжебаев Кутман Женишбекович Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Жыргалаң, Кереге-Таш жана Октябрь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8, 9, 10-июнундагы Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Булуң, Жыргалаң, Кереге-Таш жана Октябрь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ак-Булуң жана Жыргалаң айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн жана 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Октябрь айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8, 9, 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Жыргалаң, Кереге-Таш жана Октябрь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Торогелдиев Эркинбек Кашымбекович облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Мукалаев Талгат Абдыкадырович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Эмил уулу Арстанбек Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.5. Кенжебаев Кутман Женишбекович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ак-Булуң, Жыргалаң, Кереге-Таш жана Октябрь айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн
Төрага | Н. Шайлдабекова |