Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021 жылдын 15-июну № 448
2021-жылы 9, 10-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок жана Б.Мамбетов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 9, 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 259 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок жана Б.Мамбетов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Улахол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Бейшеев Медербек Рыскелдиевич катталган. Талапкер Улахол айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Улахол айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, М.Р.Бейшеев-21 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Бейшеев Медербек Рыскелдиевич Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Куланбаев Таалайбек Асангариевич, Кыдыралиева Майракүл Асыпбековна, Абдылдаева Нуркүмүш Султанказиевна катталган. Талапкерлер Көк-Мойнок айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Көк-Мойнок айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Т.А.Куланбаев - 7 добуш, М.А.Кадыралиева - 0 добуш, Н.С.Абдылдаева - 3 добуш, жараксыз бюллетень 1, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Куланбаев Таалайбек Асангариевич Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Б.Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Догдурбай уулу Азамат, Кылжыров Руслан Темирбекович катталган. Талапкерлер Б.Мамбетов айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Б.Мамбетов айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Догдурбай у. А.- 9 добуш, Р.Т.Кылжыров - 12 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Кылжыров Руслан Темирбекович Б.Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок жана Б.Мамбетов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 9, 10-июнундагы Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Улахол, Көк-Мойнок жана Б.Мамбетов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Улахол жана Көк-Мойнок айыл өкмөттөрүнүн жана 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Б.Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9, 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок жана Б.Мамбетов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Бейшеев Медербек Рыскелдиевич Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Куланбаев Таалайбек Асангариевич Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Кылжыров Руслан Темирбекович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Б. Мамбетовайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Улахол, Көк-Мойнок жана Б.Мамбетов айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |