Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-июну № 449
2021-жылы 9, 11-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Тал жана Үгүт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 9, 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20, 25-майындагы № 245, 288 токтомдору менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Тал жана Үгүт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер Айтмамбетов Уланбек Билалович, Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич, Ниязакунов Эралы Махмутказиевич катталган. Талапкерлер Жаңы-Талап айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Жаңы-Талап айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, У.Б.Айтмамбетов - 6 добуш, К.А.Бейшенкулов - 3 добуш, Э.Ниязакунов - 2 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Айтмамбетов Уланбек Билалович Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер Аалыбаев Рахат Алманбетович, Жапаров Ильичбек Асанкулович, Сатаров Эркинбек Токтогазиевич катталган. Талапкерлер Ак-Тал айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Ак-Тал айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Р.А.Аалыбаев - 6 добуш, И.А.Жапаров - 0 добуш, Э.Т.Сатаров - 5 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Аалыбаев Рахат Алманбетович Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер Иманкадыров Нурлан Токтобекович, Чыныбаев Өмүрбек Карыбекович катталган. Талапкерлер Үгүт айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Үгүт айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, Н.Т.Иманкадыров - 4 добуш, Ө.К.Чыныбаев - 6 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Чыныбаев Өмүрбек Карыбекович Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Тал жана Үгүт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 9, 11-июнундагы Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Талап, Ак-Тал жана Үгүт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Ак-Тал жана Үгүт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын 9, 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Тал жана Үгүт айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Айтмамбетов Уланбек Билалович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Аалыбаев Рахат Алманбетович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Чыныбаев Өмүрбек Карыбекович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жаңы-Талап, Ак-Тал жана Үгүт айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |