Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-июну № 450
2021-жылы 9, 10, 11-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу, Ак-Муз, Баш-Кайынды, Талды-Суу, Ак-Талаа жана Кара-Коюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо до добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу
2021-жылы 9, 10, 11-июнунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21, 25-майындагы № 271, 289 токтомдору менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу, Ак-Муз, Баш-Кайынды, Талды-Суу, Ак-Талаа жана Кара-Коюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Мамытов Бактыбек Кемелбекович катталган. Талапкер Кара-Суу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Кара-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Б.К.Мамытов - 16 добуш , "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 4 добуш берилгендиги белгиленген.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Мамытов Бактыбек Кемелбекович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Досоева Айзат Тураровна, Иса уулу Нурланбек катталган. Талапкерлер Ак-Муз айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Ак-Муз айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, А.Т.Досоева - 0 добуш , Иса уулу Н - 9 добуш , "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Иса уулу Нурланбек Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Баш-Кайынды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Мамытов Аскарбек Жаныбекович, Токторова Айнура Жумамудүновна, Шадыбеков Урматбек Аманович катталган. Талапкерлер Баш-Кайынды айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Баш-Кайынды айылдык кеңешиндеги баардыгы 21 депутаты катышып, 1-турда: А.Ж.Мамытов - 8 добуш , А.Ж.Токторва - 1 добуш , У.А.Шадыбеков - 10 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 2 добуш , 2-турда: А.Ж.Мамытов - 12 добуш , У.А.Шадыбеков - 9 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Мамытов Аскарбек Жаныбекович Баш-Кайынды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Алакунов Нурбек Үмөтович, Молоев Жеңишбек Ибраевич катталган. Талапкерлер Талды-Суу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Талды-Суу айылдык кеңешиндеги баардыгы 11 депутаты катышып, Н.Ү.Алакунов - 6 добуш, Ж.И.Молоев - 5 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Алакунов Нурбек Үмөтович Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Стамакунов Таланбек Акматбекович катталган. Талапкер Ак-Талаа айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Ак-Талаа айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, А.Т.Стамакунов - 10 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Стамакунов Таланбек Акматбекович Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер - Ажыгулов Азамат Базарбекович, Бегалиев Койчубек Токтосунович, Кермакунова Гүлзаада Калыбековна, Нуралиев Жыргалбек Советович, Осмоналиев Бакытбек Коногалиевич катталган. Талапкерлер Кара-Коюн айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Кара-Коюн айылдык кеңешиндеги баардыгы 11 депутаты катышып, 1-турда: А.Б.Ажыгулов - 4 добуш , К.Т.Бегалиев - 0 добуш , Г.К.Кермакунова - 5 добуш , Ж.С. Нуралиев - 0 добуш , Б.К. Осмоналиев - 2 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш , 2-турда: А.Б.Ажыгулов - 4 добуш , Г.К.Кермакунова - 7 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Кермакунова Гүлзаада Калыбековна Баш-Кайынды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу, Ак-Муз, Баш-Кайынды, Талды-Суу, Ак-Талаа жана Кара-Коюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 9, 10 11-июнундагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Суу, Ак-Муз, Баш-Кайынды, Талды-Суу, Ак-Талаа жана Кара-Коюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Кара-Суу жана Ак-Муз айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Баш-Кайынды жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Ак-Талаа жана Кара-Коюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9, 10, 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу, Ак-Муз, Баш-Кайынды, Талды-Суу, Ак-Талаа жана Кара-Коюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мамытов Бактыбек Кемелбекович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3.Иса уулу Нурланбек Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Мамытов Аскарбек Жаныбекович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайынды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.5. Алакунов Нурбек Үмөтович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.6. Стамакунов Таланбек Акматбекович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.7.Кермакунова Гүлзаада Калыбековна Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кара-Суу, Ак-Муз, Баш-Кайынды, Талды-Суу, Ак-Талаа жана Кара-Коюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |