Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-июну № 451
2021-жылы 9, 10, 11-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Көк-Жар, Соң-Көл жана Сары-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү
2021-жылы 9, 10, 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21, 25-майындагы № 273, 291 токтомдору менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Көк-Жар, Соң-Көл жана Сары-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Талантбек уулу Талгар катталган. Талапкер Кош-Дөбө айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Кош-Дөбө айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Талантбек уулу Т. - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Талантбек уулу Талгар Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Белеков Адилет Чолпонбекович катталган. Талапкер Кум-Дөбө айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Кум-Дөбө айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, А.Ч.Белеков - 21 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Белеков Адилет Чолпонбекович Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Сабыржанов Жылдызбек Сарылжанович катталган. Талапкер Көк-Жар айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Көк-Жар айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Ж.С.Сабыржанов - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Сабыржанов Жылдызбек Сарылжанович Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Айманов Урматбек Муканбетович, Мамбеталиев Касымбек Муканбетович, Чекирбаев Эркинбек Замирович катталган. Талапкерлер Соң-Көл айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Соң-Көл айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, У.М.Айманов - 6 добуш, К.М.Мамбеталиев - 5 добуш, Э.З.Чекирбаев - 0 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Айманов Урматбек Муканбетович Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Келдибек уулу Рысбек, Макишов Эрнис Орозобекович катталган. Талапкерлер Сары-Булак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Сары-Булак айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Келдибек уулу Р - 4 добуш, Э.О.Макишов - 7 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Макишов Эрнис Орозобекович Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Көк-Жар, Соң-Көл жана Сары-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 9, 10, 11-июнундагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Көк-Жар, Соң-Көл жана Сары-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Кочкор районунун 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Кум-Дөбө жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Соң-Көл жана Сары-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9, 10, 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Талантбек уулу Талгар Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Белеков Адилет Чолпонбекович Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Сабыржанов Жылдызбек Сарылжанович Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.5. Айманов Урматбек Муканбетович Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.6. Макишов Эрнис Орозобекович Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Көк-Жар, Соң-Көл жана Сары-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын а белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |