Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-январы №10
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызматчыларын кийим мүлкү менен тынчтык мезгилде камсыз кылуу нормаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 406 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызматчыларын кийим мүлкү менен тынчтык мезгилде камсыз кылуу нормаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-сентябрындагы № 406 токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтомго № 1 тиркемеде:
- I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын:
"
┌──┬───────────────────────────────────────┬────────────┬─────────────┐
│16│Зайтун түстүү жасалма мехтен жакасы │ 1 даана │ 3 жыл │
│ │менен камуфляждалган жылуу куртка │ │ │
└──┴───────────────────────────────────────┴────────────┴─────────────┘
";
эскертүүдө:
- 1-пункттун биринчи абзацы "берилет" деген сөздөн мурда "кошумча" деген сөз менен толукталсын;
- 2-пунктта:
биринчи абзацы "берилет" деген сөздөн мурда "кошумча" деген сөз менен толукталсын;
үчүнчү абзац алып салынсын;
аталган токтомго № 2 тиркемеде:
- I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"
┌────┬─────────────────────────────────────┬────────────┬─────────────┐
│14-1│Зайтун түстүү жасалма мехтен жакасы │ 1 даана │ 3 жыл │
│ │менен камуфляждалган жылуу куртка │ │ │
└────┴─────────────────────────────────────┴────────────┴─────────────┘
";
эскертүүдө:
- 1-пункттун биринчи абзацы "берилет" деген сөздөн мурда "кошумча" деген сөз менен толукталсын;
- 2-пунктта:
биринчи абзацы "берилет" деген сөздөн мурда "кошумча" деген сөз менен толукталсын;
үчүнчү абзац алып салынсын;
аталган токтомго № 3 тиркемеде:
- I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:
"
┌────┬─────────────────────────────────────┬────────────┬─────────────┐
│13-1│Зайтун түстүү жасалма мехтен жакасы │ 1 даана │ 3 жыл │
│ │менен камуфляждалган жылуу куртка │ │ │
└────┴─────────────────────────────────────┴────────────┴─────────────┘
";
- эскертүүнүн биринчи абзацы "берилет" деген сөздөн мурда "кошумча" деген сөз менен толукталсын;
аталган токтомго № 4 тиркемеде:
- I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:
"
┌────┬─────────────────────────────────────┬────────────┬─────────────┐
│13-1│Зайтун түстүү жасалма мехтен жакасы │ 1 даана │ 3 жыл │
│ │менен камуфляждалган жылуу куртка │ │ │
└────┴─────────────────────────────────────┴────────────┴─────────────┘
";
- эскертүүнүн биринчи абзацы "берилет" деген сөздөн мурда "кошумча" деген сөз менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |