Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-январы №11
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. "Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-апрелиндеги №244 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен түзүлгөн Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына:
- Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары курамына киргизилсин;
- Бекиев Б.Ж. курамынан чыгарылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
"2005-2010-жылдарга "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын структурасын жана иш-аракетин өркүндөтүү" чараларынын пакетин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-январындагы №22 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-февралындагы №90 токтомунун 6-пункту.
Премьер-министр | И.Чудинов |