Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 4-январы № 1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ош, Талас жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Ош, Талас жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош, Талас жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Талас жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Талас жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясыньш
2022-жылдын 4-январындагы №
1 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кечештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ош шаары |
| |||
1. | Ош шаары | Каналиев Улан Касымович (№5) («Биздин Кыргызстан» деп.фракциясы) | Өз арызы | №18, 24.12.2021-ж. |
Талас облусу |
| |||
Талас району | ||||
2. | Калба айылдык | Бериков Каныбек Колпочбаевич | Өз арызы | №47, 21.10.2021-ж. |
Чуй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
3. | Кант шаардык | Лебедев Глеб Викторович (№2) («Республика» деп.фракциясы) | Өз арызы | №102, 28.12.2021-ж. |
4. | Логвиненко айылдык | Лоренц Наталья Владимировна | Өз арызы | №103, 28.12.2021-ж. |
5. |
| Асанбеков Адилет Асанбекович | Өз арызы | № 104, 28.12.2021-ж. |
6. | Ивановка айылдык | Харов Шакир Искакович | Өз арызы | № 105, 28.12.2021-ж. |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясыньш
2022-жылдын 4-январындагы №
1 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештерднн депутаттыгына саясий партилардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергилнктуу кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
город Ош | ||||
1. | Ош шаардык | Омурзаков Нургазы Маматеминович (№ 16) («Биздин Кыргызстан» саясий партиясы) | Өз арызы | №18, 24.12.2021-ж. |
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясыньш
2022-жылдын 4-январындагы №
1 токтомунун 3-тиркемеси
Жергиликтуу кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
|
|
|
|
|
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
1. | Калба айылдык | Токтогулов Тилек Нурсултанович | фермер | №47, 21.10.2021-ж. |
Чуй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
|
| Сатыбалдыев Эрнист |
| №102, |
2. | Кант шаардык | Тургунбекович (№6) («Республика» саясий партиясы) | ЖЧК «ЖЗМК», ширетүүчү | 28.12.2021-ж. |
|
| Амантаев Руслан | Убактылуу иштебейт | №103, |
| Логвиненко | Нурдинович |
| 28.12.2021-ж. |
4. | айылдык | Бейшеналиев Тойчубек | Убактылуу иштебейт | №104, |
|
| Дуйшенбекович |
| 28.12.2021-ж. |
5. | Ивановка айылдык | Буларов Шелиф Паншарович | Убактылуу иштебейт | №105, 28.12.2021-ж. |