Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-ноябры № 768
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К.Жылкыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
|
|
Үгүт жүргүзүү мезгилинде шайлоочулардын арасында акысыз таратууга уруксат берилген материалдарын жана товарлардын ТИЗМЕГИ
1. Басылма үгүт материалдары (газеталар, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкердин визиттик карточкалары, пакеттер).
2. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар төш белгилер.
3. Талапкердин жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасы бар футболкалар.
4. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар баш кийимдер.
5. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар моюн ороочтор.
6. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар желекчелер.
7. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символдору түшүрүлгөн аба шарлары.
8. Талапкердин жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасы бар калемдер, карандаштар, кружкалар, блокноттор.