Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-марта № 24
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сокулук, Москва, Сүлүктү, Кадамжай, Кочкор, Жалал-Абад, Токтогул жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Сокулук, Москва, Сүлүктү, Кадамжай, Кочкор, Жалал-Абад, Токтогул жана Ош аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук, Москва, Сүлүктү, Кадамжай, Кочкор, Жалал-Абад, жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Москва жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдери бекитилсин.
3. Сокулук, Москва, Сүлүктү, Кадамжай, Кочкор, Жалал-Абад, Токтогул жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Сокулук, Москва, Сүлүктү, Кадамжай, Кочкор, Жалал-Абад, Токтогул жана Ош аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 1-мартындагы № 24 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Шопоков шаардык кеңеш | Жаныкулов Данияр Торогазиевич (№ 3 "Ата-Журт" саясий фракц.) | Өз арызы | № 41, 25.02.2022-ж. |
2 | Күнтуу айылдык кеңеш | Кулболдоев Кубан Чолпонбекович | Өз арызы | № 42, 25.02.2022-ж. |
3 | Биринчи май айылдык кеңеш | Нуралиева Назира Артолбековна | Өз арызы | № 43, 26.02.2022-ж. |
4 | Гавриловка айылдык кеңеш | Дайырбек уулу Серик | Өз арызы | № 44, 26.02.2022-ж. |
Москва району | ||||
5 | Ак-Суу айылдык кеңеш | Борбиева Зарина Кемельбековна | Өз арызы | № 03, 24.02.2022-ж. |
6 | Станбеков Алымбек Медербекович | Өз арызы | ||
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
7 | Сүлүктү шаардык кеңеш | Мамытов Талантбек Алиевич (№ 2 "Замандаш") деп. фракциясы | Өз арызы | № 1, 25.02.2022-ж. |
Кадамжай району | ||||
8 | Кыргыз-Кыштак айылдык | Азим уулу Куштар | Өз арызы | № 7, 28.02.2022-ж. |
9 | Халмион айылдык | Кудратилла уулу Оббосжон | Өз арызы | № 9, 28.02.20220-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
10 | Кочкор айылдык | Жаналиева Гулмира Бейшебаевна | Өз арызы | № 1, 28.02.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаардык | ||||
11 | Жалал-Абад шаардык кеңеш | Адылбеков Майрамбек Алымбекович (№ 1, "Өнүгүү Прогресс") деп. фракциясы | Өз арызы | № 1, 21.02.2022-ж. |
Токтогул району | ||||
12 | Аралбаев айылдык | Мурат уулу Нурислам | Өз арызы | № 7, 24.02.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 1-мартындагы № 24 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
1 | Ак-Суу айылдык кеңеш | Байгатиева Эльмира Асанбековна | Өз арызы | № 03, 24.02.2022-ж. |
Ош облусу | ||||
Ош шаары | ||||
2 | Ош шаардык кеңеши | Бозарбоев Отабек Одилжонович (№ 22) ("Биздин Кыргызстан" саясий партиясы) | Өз арызы | № 21, 24.02.2022-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 1-мартындагы № 24 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Шопоков шаардык кеңеш | Джумалиев Уланбек Талантбекович (№ 5 "Ата-Журт" саясий парт.) | ЖЧК "Голден Дринкс", оператор | № 41, 25.02.2022-ж. |
2 | Күнтуу айылдык кеңеш | Курушбекова Мээрим Курушбековна | Орто мугалим, мугалим | № 42, 25.02.2022-ж. |
3 | Биринчи май айылдык кеңеш | Караталова Гульнура Самирбековна | Убактылуу иштебейт | № 43, 26.02.2022-ж. |
4 | Гавриловка айылдык кеңеш | Абдылдабеков Шайырбек Бейшенбекович | Убактылуу иштебейт | № 44, 26.02.2022-ж. |
Московский район | ||||
5 | Ак-Суу айылдык кеңеш | Ширдаков Алмазбек Эркинбекович | Күзөтчү | № 03, 24.02.2022-ж. |
6 | Асанов Сапарбек Алымбекович | Убактылуу иштебейт | ||
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
7 | Сүлүктү шаардык | Абдуназаров Бактыбек Ахматович (№ 5 "Замандаш" саясий партиясы) | "Ахмат Кен" ЖЧК, директор | № 1, 25.02.2022-ж. |
Кадамжай району | ||||
8 | Кыргыз-Кыштак айылдык | Миталипов Абабакир Мийманович | "КАДАСТР" мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалы, директор | № 8, 28.02.2022-ж. |
9 | Халмион айылдык | Мамажанов Тохиржон Салижанович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 10, 28.02.2022-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
10 | Кочкор айылдык | Шеримкадырова Айнур Жумаевна | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 2, 28.02.2022-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
11 | Жалал-Абад шаардык | Калбаев Советбек Абийбиллаевич (№ 6, "Өнүгүү Прогресс" саясий партиясы) | "Ак-Жол техсервис" ЖЧКсында директор | № 1, 21.02.2022-ж. |
Токтогул району | ||||
12 | Аралбаев айылдык | Болотбек уулу Мамат | № 25 М.Бекболотов атындагы орто мектебинде мугалим | № 8, 24.02.2022-ж. |
Ош шаары | ||||
13 | Ош шаардык кеңеши | Раимов Эмилбек Жеңишбекович (№ 23) ("Биздин Кыргызстан" саясий партиясы) | "Кыргызаэронавигация" МИнын Оштогу филиалы, радиолокация боюнча техник | № 21, 24.02.2022-ж. |