Редакцияот 14.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ  БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2022-жылдын 14-марты № 30

 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Базар-Коргон, Кара-Суу, Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Базар-Коргон, Кара-Суу, Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Базар-Коргон, Кара-Суу, Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.

2. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.

3. Базар-Коргон, Кара-Суу, Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.

5. Базар-Коргон, Кара-Суу, Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Шайлдабекова

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 14-мартындагы № 30 токтомунун 1-тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Базар-Коргон району

1

Талдуу-Булак айылдык

Абдраимов Нурланбек Келдибекович

Өз арызы

№ 02, 28.02.2022-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

2

Кашкар-Кыштак айылдык

Жалалдинов Дониербек Рашидович

Жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу

№ 5, 10.03.2022-ж.

Чүй облусу

Токмок шаары

3

Токмок шаардык

Салеева Татьяна Касымовна (№ 3) ("Эмгек" деп. фракциясы)

Өз арызы

№ 8, 07.03.2022-ж.

4

Мураталиев Хаётилло Султанжанович (№ 2) ("Асыл-Мурас жаштары" деп. фракциясы)

Өз арызы

Аламүдүн району

5

Ак-Дөбө айылдык

Дайрбек уулу Темирлан

Өз арызы

№ 04, 07.03.2022-ж.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 14-мартындагы № 30 токтомунун 2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А.

Негиз

Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Базар-Коргон району

1

Талдуу-Булак айылдык

Абылов Чыныбек Абдистанович

Өз арызы

№ 02, 28.02.2022-ж.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 14-мартындагы № 30 токтомунун 3-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Базар-Коргон району

1

Талдуу-Булак айылдык

Ыманбеков Нурмамат Ыманбекович

Жеке ишкер

№ 02, 28.02.2022-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

2

Кашкар-Кыштак айылдык

Шамшидинов Дилшод Алижонович

Жеке ишкер

№ 5, 10.03.2022-ж.

Чүй облусу

Токмок шаары

3

Токмок шаардык

Саламатова Аида Саламатовна (№ 6) ("Эмгек" с/п)

Жеке ишкер

№ 9, 7.03.2022-ж.

4

Люшанло Шамиль Абдуллаевич (№ 8) ("Асыл-Мурас жаштары" с/п)

Территориалдык больница, дарыгер

№ 10, 7.03.2022-ж.

Аламүдүн району

5

Ак-Дөбө айылдык

Дуйшебаев Союзбек Шайлообекович

Айдоочу

№ 04, 07.03.2022-ж.