Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-июну № 576
2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы № 391 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Оторбаев Талантбек Карымшакович, Тилекманов Айбек Таалайбекович катталган. Талапкерлер Боз-Учук айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Боз-Учук айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Т.К.Оторбаев - 7 добуш, А.Т.Тилекманов - 14 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Тилекманов Айбек Таалайбекович Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 24-июнундагы Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Тилекманов Айбек Таалайбекович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |