Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-июну № 578
2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы № 416 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер - Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович катталган. Талапкер Төрт-Күл айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Төрт-Күл айылдык кеңешиндеги 21 депутатын 18 депутаты катышып, Байсеркеев У.Ж. - 18 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 25-июнундагы Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Байсеркеев Урматбек Жакшылыкович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |