Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-июлу № 588
Ош облусунун Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - КР БШК) 2021-жылдын 18-июнундагы № 513 токтому менен 2021-жылдын 11-июнунда болуп өткөн Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы протоколдору Мангыт айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы Ы.М.Маткаримовдун эмгек стажы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу жокко чыгарылган.
Аталган токтом Ы.М.Маткаримов тарабынан соттук тартипте даттанылган. Бишкек шаардык Административдик сотунун 2021-жылдын 24-июнундагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 29-июнундагы токтому менен КР БШКнын 2021-жылдын 18-июнундагы № 513 токтому күчүндө калтырылган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2021-жылдын 15-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Араван аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын башчысын кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |