Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 1-июлу № 595
2021-жылдын 18-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 4-июнундагы № 363 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер - Жалиев Сабыр Орунбаевич, Гадиев Кабыланбек Касымжанович, Калмуратов Мамбет Маматалиевич, Приев Жумабай Сатимкулович, Алимбеков Нурзаман Карыевич катталган. Талапкерлер Папан айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Папан айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын бардыгы катышып, биринчи турунда С.О.Жалиев - 1 добуш, К.К.Гадиев - 2 добуш, М.М.Калмуратов - 9 добуш, Ж.С.Приев - 0 добуш, Н.К.Алимбеков - 9 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш, экинчи турунда М.М.Калмуратов - 10 добуш, Н.К.Алимбеков - 11 добуш, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 0 добуш.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Алимбеков Нурзаман Карыевич Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган.
2021-жылдын 18-июнундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 18-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Алимбеков Нурзаман Карыевич Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Папан айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |