Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы №21 «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын шаар башкармалыгынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 21
Кабыл алынган
2009-жылдын 16-январы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
журнал "Нормативные акты Правительства КР" № 1-2 (334-335)
Реестрде
2009-жылдын 17-январы

Реестрде

Минюст коду
60084

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция16.01.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 16-январы №21

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын шаар башкармалыгынын аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын шаар башкармалыгынын карамагындагы 21,1 га жерин, анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 16,1 га сугат айдоосун жана 3,0 га кайрак айдоосун жана 2,0 га көп жылдык өсүмдүктөр баскан жерди жеке турак үй куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

2. Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын шаар башкармалыгына бузулууга туш болгон көп жылдык өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү үчүн жер участок караштыруу жана ага бак-дарак отургузуу сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- бөлүнүүчү участокторго шаар куруу документтерин иштеп чыгууга каржылоону камсыздасын;

- жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.