Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-декабры № 102
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Баткен шаардык, Кадамжай, Кемин, Токмок, Сокулук, Ак-Талаа, Ош шаардык жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык жана Халмион айылдык кеңештери боюнча;
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Кемин районундагы Чоң-Кемин айылдык кеңеши боюнча;
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын - Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупская атындагы жана Кызыл-Туу айылдык кеңештери боюнча;
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Терек жана Тоголок-Молдо айылдык кеңештери боюнча;
- Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын - Ош облусунун Ош шаардык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынан чечими келип түштү.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык, Кадамжай, Кемин, Токмок, Сокулук, Ак-Талаа жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Баткен шаардык, Кадамжай, Кемин, Токмок, Сокулук, Ак-Талаа, Ош шаардык жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Баткен шаардык, Кадамжай, Кемин, Токмок, Сокулук, Ак-Талаа, Ош шаардык жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы | Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022 жылдын 15-декабрындагы № 102 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
1 |
Баткен шаардык | Нажимидинов Бекболот Тажибаевич (№ 2) "Жаңы-Доор" депутаттык фракциясы | Баткен шаардык АШК № 37, 07.12.2022-ж. (14.11.2022-ж. - өз арызы) | |
2 | Шукуров Батырбек Абдикутузович (№ 2) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Баткен шаардык АШК № 7, 17.11.2022-ж. (09.11.2022-ж. - өз арызы) | ||
3 | Тагаев Абрашит Камалович (№ 7) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Баткен шаардык АШК № 36, 05.12.2022-ж. (09.11.2022-ж. - өз арызы) | ||
Кадамжай району | ||||
4 | Айдаркен шаардык | Жороев Азизбек Чоенбаевич (№ 2) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Кадамжай АШК№ 20, 24.11.2022-ж. (17.11.2022-ж. - өз арызы) | |
5 | Халмион айылдык | Эркаев Жеңишбек Нематуллаевич | Кадамжай АШК№ 22, 08.12.2022-ж.(Кадамжай район жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмү тарабынан берилген өлгөндүгүтууралуу күбөлүк берилген күнү - 16.11.2022-ж., № KGZ0702 0189529, № 117) | |
Чүй облусу | ||||
Кемин району | ||||
6 | Чоң-Кемин айылдык | Аманов Тилеген Эркинович | Кемин АШК № 36, 05.12.2022-ж.(Кемин район жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмү тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуукүбөлүкберилген күнү - 22.07.2022-ж., № KGZ07 0195174, № 219) | |
Токмок шаары | ||||
7 | Токмок шаардык | Джунушалиев Сатыбалды Бакытбекович (№ 5) "Бирге" депутаттык фракциясы | Токмок АШК № 14, 06.12.2022-ж.(11.11.2022-ж. - өз арызы) | |
Сокулук району | ||||
8 | Крупская атындагы айылдык | Калюжная Галина Сергеевна | Сокулук АШК№ 18, 06.12.2022-ж. (14.11.2022-ж. - өз арызы) | |
9 |
Кызыл-Туу айылдык | Качкынова Гулзат Тентимишовна | Сокулук АШК № 16, 09.12.2022-ж. (26.10.2022-ж. Кызыл-Туу а/к № 4 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу) | |
10 | Джолдубек уулу Тахирдин | Сокулук АШК № 17, 09.12.2022-ж. (26.10.2022-ж. Кызыл-Туу а/к № 43 токтому - Жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу) | ||
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
11 | Терек айылдык | Токтомуратова Жылдызкан Турганалиевна | Ак-Талаа № 91, 09.12.2022-ж. (28.11.2022-ж. - өз арызы) | |
12 | Тоголок-Молдо айылдык | Мамбеталиева Бактыгул Мамбеталиевна | Ак-Талаа АШК № 91, 09.12.2022-ж.(01.12.2022-ж. - өз арызы) | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
13 | Курманбек айылдык | Салаев Жылдызбек Жунусалыевич | Сузак АШК № 39, 12.12.2022-ж.(09.12.2022-ж. - өз арызы) | |
|
| Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 15-декабрындагы № 102 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
1 |
Кызыл-Туу айылдык | Асаналиев Марат Темирбекович | Сокулук АШК № 17, 09.12.2022-ж. (22.11.2022-ж. - өз арызы) |
2 | Маршенкулов Идрис Сулайманович | Сокулук АШК № 17, 09.12.2022-ж. (22.11.2022-ж. - өз арызы | |
3 | Исаенко Алексей Николаевич | Сокулук АШК № 17, 09.12.2022-ж. (22.11.2022-ж. - өз арызы | |
|
| Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 15-декабрындагы № 102 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | |
Баткен облусу | |||||
Баткен шаары | |||||
1 |
Баткен шаардык | Муратов Айбек Султаналиевич (№ 8) "Эмгек" саясий партиясы | Коомдук бирикмесинин башчысы | Баткен шаардык АШК № 36, 05.12.2022-ж. | |
2 | Масеитов Базарбай Дадибаевич(№ 10) "Эмгек" саясий партиясы | Коомдук фондунун координатору | Баткен шаардык АШК № 36, 05.12.2022-ж. | ||
Кадамжай району |
| ||||
3 | Айдаркен шаардык | Абдиманнабов Жылдызбек Абдиманнабович(№ 4) "Ата-ЖуртКыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Кадамжай АШК № 20, 24.11.2022-ж. | |
4 | Халмион айылдык | Жороев Имарали Асатович | Жеке ишкер. | Кадамжай АШК № 22, 08.12.2022-ж. | |
Чүй облусу | |||||
Кемин району | |||||
5 | Чоң-Кемин айылдык | Жакшылыков Адилет Бактыбекович | Жеке ишкер | Кемин АШК № 36, 05.12.2022-ж. | |
Токмок шаары |
| ||||
6 | Токмок шаардык | Ташмамбетов Азат Шайшеналиевич (№ 11) "Бирге" саясий партиясы | Жеке ишкер | Токмок АШК № 14, 06.12.2022-ж. | |
Сокулук району |
| ||||
7 | Крупская атындагы айылдык кенеш | Муратова Айгерим Тимуровна | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК № 18, 06.12.2022-ж. | |
8 | Кызыл-Туу айылдык | Турдалиева Айтбубу Жалгасыновна | Пенсионерка | Сокулук АШК № 16, 09.12.2022-ж. | |
9 | Джолдошев Бакыт Асылбекович | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК № 17, 09.12.2022-ж. | ||
Нарын облусу | |||||
Ак-Талаа району | |||||
10 | Терек айылдык | Маатмусаев Урматбек Абакирович | Механик | Ак-Талаа АШК № 91, 09.12.2022-ж. | |
11 | Тоголок-Молдо айылдык | Шакенова Мария Тынчтыкбековна | Дыйкан чарба, мүчөсү | Ак-Талаа АШК № 91, 09.12.2022-ж. | |
Ош шаары | |||||
12 | Ош шаардык | Пазылова Жаркынай Кайрыллаевна (№ 11) "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Ош шаардык АШК№ 30, 06.12.2022-ж. | |
Жалал-Абад облусу | |||||
Сузак району | |||||
13 | Курманбек айылдык | Жороев Самат Канатович | Жеке ишкер | Сузак АШК № 39, 12.12.2022-ж. | |