Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-июлу № 62
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алимжанов Фарходбек Айбековичтин жогорку билими жөнүндө документтери тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - КР БШК) 2021-жылдын 26-октябрындагы № 980 чечими менен берилген документтердин негизинде, анын ичинде нотариуста күбөлөндүрүлгөн жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрүнүн негизинде Алимжанов Фарходбек Айбекович "Альянс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталган.
КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтому менен Алимжанов Фарходбек Айбекович бирдиктүү шайлоо округу боюнча "Альянс" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылган.
КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому менен Алимжанов Фарходбек Айбекович бирдиктүү шайлоо округу боюнча "Альянс" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.
2023-жылдын 5-июлунда КР БШКга Ф.А.Алимжановдун жогорку билими жөнүндө дипломдорун жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - КР ББжИМ) маалыматы келип түшкөн.
2023-жылдын 6-июлундагы КР БШКнын отурумуна бул маселени кароо боюнча КР ББжИМ биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдулаизизовичтин маалыматы угулду.
Депутат Ф.А.Алимжанов отурумга чакырылган, бирок катышууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин билдирген.
Борбордук шайлоо комиссиясы берилген материалдарды иликтеп чыгып, У.А.Усековдун маалыматын угуп, төмөнкүлөргө келет.
КР ББжИМ 2023-жылдын 3-июлундагы (№ 64-КПҮ) катына ылайык, Ф.А.Алимжановго жогорку билими тууралуу дипломду берүүнүн мыйзамдуулугуна комиссиялык текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө КР УКМКнын катынын негизинде, КР ББжИМ дин 2023-жылдын 29-июнундагы № 4501/1 буйругу менен Ф.А.Алимжановго берилген билими тууралуу документтердин аныктыгын текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, ал төмөнкүлөрдү аныктады:
"… экзамендерди тапшыруу мезгилинде студенттин жок болгондугун эске алып, Ф.А.Алимжановдо жогорку кесиптик билимдин бар экендигин тастыктаган № УБ160351168, 25.08.2016-ж. каттоо № 1617 диплому билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу менен берилген деп эсептейт жана Ош мамлекеттик университетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын жетекчилигине төмөндөгүлөр сунуш кылынат:
1. Алимжанов Фарходбек Айбековичтин 5 жана 8-семестр үчүн экзамендеринин натыйжалары жокко чыгарылсын;
2. Алимжанов Фарходбек Айбековичке "Экономика" квалификациясын ыйгаруу жөнүндө МАКтын 2016-жылдын 23-июнундагы № 6/1-13/10 чечими жокко чыгарылсын;
3. Алимжанов Фарходбек Айбековичке берилген УБ № 160351168 сериясындагы 25.08.2016-ж. каттоо номери 1617 диплому чакыртып алынсын;
4. Ф.Алимжановго "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча "Магистр" академиялык даражасын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ШМ № 180356308 сериясындагы (каттоо номери - 28282) диплому чакыртып алынсын;
5. Бузууларга жол беришкен ОшМУнун кызматкерлеринин административдик жоопкерчилигин каралсын".
2023-жылдын 5-июлунда КР ББжИМ (№ 02-2/6205) каты менен кошо БШКга төмөндөгүлөрдү жөнөткөн:
- Ош мамлекеттик университетинин 2023-жылдын 4-июлундагы № 2595-О/23 буйругунун көчүрмөсүн, анда "жогорку билими бар экендигин тастыктаган 25.08.2016-ж. № УБ160351168, каттоо № 1617 дипломун берүүдө ченемдик укуктук актыларды одоно бузуу аныкталгандыгына байланыштуу: 1. Ф.А.Алимжановго "Экономика" квалификациясын ыйгаруу жөнүндө Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын 2016-жылдын 23-июнундагы № 6/1-13-10 чечими жокко чыгарылды; 2. 25.08.2016-ж. УБ № 160351168, каттоо № 1617 диплому жокко чыгарылды";
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2023-жылдын 5-июлундагы № 3/71 буйругунун көчүрмөсү, анда "Төмөнкүлөр жокко чыгарылган: 1. Ф.А.Алимжановго "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча берилген "Магистр" академиялык даражасын ыйгаруу жөнүндө Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын 2018-жылдын 7-июнундагы чечими; 2. Ф.А.Алимжановго 10.10.2018-ж. берилген ШМ № 180356303 сериясындагы каттоо номери - 28282 диплому".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Ф.А.Алимжановду каттоо үчүн документтер менен кошо, Борбордук шайлоо комиссиясына берилген талапкер жөнүндө толтурулган маалыматта (№ 14-1 формасы) билими тууралуу бөлүгүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүп, нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилген:
1. Ош мамлекеттик университетинде "Экономика" адистиги боюнча жогорку билим алгандыгы тууралуу 25.08.2016-ж. УБ № 160351168, каттоо № 16-17 диплому.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча магистр даражасын ыйгаруу жөнүндө 2018-жылдын 10-октябрындагы № ШМ180356303 каттоо № 28282 диплому.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин төртүнчү, алтынчы абзацтарына ылайык "Кесиптик жогорку билими бар адамдар тездетилген программа боюнча экинчи жана үчүнчү кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн.
Кесиптик жогорку билим алууга орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими тууралу дипломдун же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун (экинчи, үчүнчү, ошондой эле жогорку билим алганда) болушу мүмкүнчүлүк берет".
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - КР ББжИМдин жогоруда көрсөтүлгөн маалыматына ылайык 2016-жылдын 25-августундагы Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын чечиминин негизинде Ф.А.Алимжановго берилген "Экономика" адистиги боюнча УБ № 160351168, каттоо № 1617 диплому жокко чыгарылган, ошондой эле 2018-жылдын 7-июнундагы Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча магистр даражасын ыйгаруу жөнүндө 2018-жылдын 10-октябрында берилген № ШМ180356303 каттоо № 28282 диплому жокко чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарына ылайык "Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлануу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык Мыйзам менен аныкталат".
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык "Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат".
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат".
Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарына ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун берет.
Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык "Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу же ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлардын бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат".
Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда талапкердин каттоосу жокко чыгарылат.
Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган КР ББжИМдин маалыматынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө, 59, 61-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ф.А.Алимжановдун каттоосу жокко чыгарылсын жана ал КР БШКнын 2021-жылдын 26-октябрындагы № 980 чечими менен катталган "Альянс" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен алып салынсын.
2. "Альянс" саясий партиясынан талапкер Ф.А.Алимжановду бирдиктүү шайлоо округу боюнча "Альянс" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп таануу бөлүгүндө КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтомунун 7-пункту жокко чыгарылсын
3. Ф.А.Алимжановду "Альянс" саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бөлүгүндө КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому жокко чыгарылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алимжанов Фарходбек Айбековичтин күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 14-июлундагы № 56 (3505) саны менен жарыяланды
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |