Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2023-жылдын 6-июлу № 63
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исмаилов Фархат Даткабаевичтин жогорку билими жөнүндө документтери тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - КР БШК) 2021-жылдын 24-октябрындагы № 859 чечими менен берилген документтердин негизинде, анын ичинде нотариуста күбөлөндүрүлгөн жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрүнүн негизинде Исмаилов Фархат Даткабаевич "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталган.
КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтому менен Исмаилов Фархат Даткабаевич бирдиктүү шайлоо округу боюнча "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылган.
КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому менен Исмаилов Фархат Даткабаевич бирдиктүү шайлоо округу боюнча "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.
2023-жылдын 5-июлунда КР БШКга Ф.Д.Исмаиловдун жогорку билими жөнүндө дипломдорун жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - КР ББжИМ) маалыматы келип түшкөн.
2023-жылдын 6-июлундагы КР БШКнын отурумуна бул маселени кароо боюнча КР ББжИМ биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдулаизизовичтин маалыматы угулду.
Депутат Ф.Д.Исмаилов отурумга чакырылган, бирок катышууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин билдирген.
Борбордук шайлоо комиссиясы берилген материалдарды изилдеп чыгып, У.А.Усековдун маалыматын угуп, төмөнкүлөргө келет.
КР ББжИМдин 2023-жылдын 4-июлундагы (№ 66-КПҮ) катына ылайык, Ф.Д.Исмаиловго жогорку билими тууралуу дипломду берүүнүн мыйзамдуулугуна комиссиялык текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө КР УКМК нын 2023-жылдын 3-июлундагы катынын негизинде,
КР ББжИМдин 2023-жылдын 4-июлундагы № 4568/1 буйругу менен Ф.Д.Исмаиловго берилген билими тууралуу документтердин аныктыгын текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, ал төмөнкүлөрдү аныктады:
"- Ж.Баласагын атындагы КУУнун архивдик өздүк курамдын негизинде "Бухгалтердик эсеп жана аудит" адистигинде 2000-жылдын 11-октябрында № 72, 73, 74 кабыл алуу буйруктарында студенттер катарында Исмаилов Ф.Д. жок болуп чыккан;
- мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечимдеринин негизиндеги 25.01.2006-ж. № 22/5-2, 02.03.2006-ж. № 43/5-2, 14.02.2006-ж. № 42/5-2; 29.12.2006-ж. № 195/5-2 буйруктарында Ф.Д.Исмаилов жок;
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын 2006-жылдын 24-июнундагы чечими менен Ф.Д.Исмаиловго берилген "Бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча № CD 060011020, каттоо № 72 дипломун жараксыз деп табуу сунушталган;
- Ф.Д.Исмаиловго берилген "Бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча № CD 060011020, каттоо № 72 дипломун жараксыз деп табуу сунушталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын 2015-жылдын 15-июнундагы чечими менен берилген "Юриспруденция" багыты боюнча магистр даражасын ыйгаруу жөнүндө 2015-жылдын 30-июлундагы № УМ150342343 каттоо № 1465 диплому жокко чыгарылсын деп сунушталган".
КР ББжИМдин 2023-жылдын 5-июлундагы каты менен БШКга, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 2012/4К буйругунун көчүрмөсүн жөнөткөн, анда "2006-жылдын 24-июлундагы чечими менен "Бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча № CD 060011020, каттоо № 72 диплому Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан Ф.Д.Исмаиловго берилгендиги тастыкталбагандыгына байланыштуу: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын 2015-жылдын 15-июнундагы чечиминин негизинде Ф.Д.Исмаиловго магистр даражасы ыйгарылган чечими жокко чыгарылган; 2. № УМ150342343 каттоо № 1465 диплому кайта чакыртылып алынган жана жокко чыгарылган".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Ф.Д.Исмаиловду каттоо үчүн документтер менен кошо, Борбордук шайлоо комиссиясына берилген талапкер жөнүндө толтурулган маалыматта (№ 14-1 формасы) билими тууралуу бөлүгүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүп, нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилген:
1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча жогорку билим алгандыгы жөнүндө № CD 060011020, 24.07.2006-ж. каттоо № 72 диплому.
2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 2015-жылдын 15-июнундагы "Юриспруденция" багыты боюнча магистр даражасын ыйгаруу жөнүндө 2015-жылдын 30-июлундагы № УМ150342343 каттоо № 1465 диплому.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин төртүнчү, алтынчы абзацтарына ылайык "Кесиптик жогорку билими бар адамдар тездетилген программа боюнча экинчи жана үчүнчү кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн.
Кесиптик жогорку билим алууга орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими тууралу дипломдун же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун (экинчи, үчүнчү, ошондой эле жогорку билим алганда) болушу мүмкүнчүлүк берет".
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - КР ББжИМдин жогоруда көрсөтүлгөн маалыматына ылайык, 2006-жылдын 24-июнундагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын чечиминин негизинде "Бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча № CD 060011020, каттоо № 72 дипломунун Ф.Д.Исмаиловго берилгендиги тастыкталган жок, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 2015-жылдын 30-июлундагы "Юриспруденция" багыты боюнча магистр даражасын ыйгаруу жөнүндө Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын 2015-жылдын 15-июнундагы чечими менен берилген № УМ150342343 каттоо № 1465 диплому, жогоруда аталган дипломдун (КУУ) бар экендигин эске алуу менен, кайта чакыртылып алынган жана жокко чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарына ылайык "Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлануу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык Мыйзам менен аныкталат".
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык "Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат".
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат".
Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарына ылайык, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун берет.
Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык "Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу же ушул конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жагдайлардын бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат".
Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда талапкердин каттоосу жокко чыгарылат.
Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган КР ББжИМ маалыматынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө, 59, 61-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ф.Д.Исмаиловдун каттоосу жокко чыгарылсын жана ал КР БШКнын 2021-жылдын 24-октябрындагы № 859 чечими менен катталган "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен алып салынсын.
2. "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер Ф.Д.Исмаиловду бирдиктүү шайлоо округу боюнча "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп таануу бөлүгүндө КР БШКнын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 836 токтомунун 7-пункту жокко чыгарылсын.
3. Ф.Д.Исмаиловду "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бөлүгүндө КР БШКнын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 844 токтому жокко чыгарылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исмаилов Фархат Даткабаевичтин күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 14-июлундагы № 56 (3505) саны менен жарыяланды
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |