Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 85 токтому менен бекитилген |
Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жөнүндө
УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жөнүндө ушул Убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү жүргүзүү тартибин жөнгө салат.
2. Аралыктан добуш берүү деген бул кагаз түрүндө алып жүрүүчүдө даярдалган шайлоо бюллетенин пайдаланбай туруп, аралык участкасында электрондук жабдуу аркылуу интернет түйүндөгү атайын портал менен, атайын программалык камсыздоону колдонуу аркылуу идентификациядан өтүп, аралыктан добуш берүү экенин билдирет.
3. Аралыктан добуш берүү Саруу айылдык аймагынын шайлоочуларынын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жеринде убактылуу жок болгондугуна байланыштуу шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жана аралыктан добуш берүүгө катышуу тууралуу арыз берген жарандардын добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн арналган.
4. Аралыктан добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүн ишке ашыруу жана шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнүн сакталган натыйжаларынын өзгөрүлбөстүгүн эске алуу менен аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды түзүү, добуш берүүнүн купуялуулугун сактоо, шайлоочунун жеке маалыматы менен анын өз эркин билдирүүсүнүн натыйжасынын ортосундагы байланышты аныктоого мүмкүн эместиги, ошондой эле жарандык контролдун жана мониторингдин өбөлгөлөрү камсыз кылынат.
5. КР БШК аралыктагы участкада турган жер боюнча аймактык шайлоо комиссиясына аралыктан добуш берүүнү уюштурууну камсыз кылууну жүктөөгө укуктуу, ал аралыкта добуш берүү боюнча шайлоо комиссиясын, анын ичинде участкалык шайлоо комиссиясынын курамынан жана резервинен түзүүгө укуктуу.
Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо комиссиясынын иштөө мөөнөтү шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин токтотулат. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгына даттанылган учурда аралыктан добуш берүүнүн шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары жогору турган комиссиянын чечими же болбосо мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими аткарыла баштаган күндөн тартып токтотулат.
2. Аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин түзүү
6. Аралыктагы формада добуш берүү үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган шайлоочу, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кеч эмес шайлоо өтүүчү жердеги тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына аралыктагы формада добуш берүү ниети жөнүндө арыз менен (Тиркеме 1) биометрикалык идентификациялоодон өтүү менен же болбосо мыйзамдарда белгиленген тартипте авторизация же жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча идентификациялоодон өтүү менен мамлекеттик порталда "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу (Тиркеме 2) кайрылууга укуктуу.
7. Аралыктагы формада добуш берүү үчүн арыз берилгенден кийин, шайлоо участкасында добуш берүүгө катышуу үчүн арыз кабыл алынбайт.
8. Аралыктагы формада добуш берүү жөнүндө шайлоочунун арызы келип түшөрү менен токтоосуз иштелип чыгат.
9. Арызды иштеп чыгуунун натыйжасы жөнүндө жооп арыз кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кеч эмес шайлоочуга электрондук маалымдоо түрүндө шайлоочунун жеке кабинетине же болбосо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн электрондук дарегине жөнөтүлөт.
10. Аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси ар бир шайлоо участогу боюнча өзүнчө түзүлөт жана "Тизме" мамлекеттик порталынын өзүнчө бөлүгүнө жайгаштырылат.
11. Аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочунун биометрикалык маалыматтары шайлоо участокторунда колдонулуучу идентификациялоонун локалдуу системасына киргизип жүктөөгө жатпайт.
Шайлоочулардын биротоло түзүлгөн тизмесинин кагаз түрүндөгү вариантында аралыктан добуш берүү үчүн арыз берген жана аралыкта добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын тушуна, "кол тамга" деген графага "АДБ арызы" (аралыктан добуш берүү боюнча арыз) деген белги коюлат.
12. Аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочу аралыктан добуш берүүгө гана катышууга укуктуу.
13. Аралыктан добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмеси 3 календардык күндөн кеч эмес КР БШКнын расмий сайтынын атайын бөлүгүнө, ошондой эле шайлоо участогуна жайгаштырылат.
3. Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасы
14. Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасы идентификациялоонун жана маалыматтарды берүү үчүн байланыш каналдары (коопсуз зым тартылган/зым тартылбаган), кошумча автономдуу электр берүү булагы бар добуш берүүнүн (Touch-панели) электрондук жабдуусу менен жабдылат.
15. Аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкасында шайлоочуларды идентификациялоо процессинин ачык болушу үчүн видео байкоо жүргүзүү орнотулат.
4. Электрондук шайлоо бюллетени
16. Аралыктагы формада добуш берүү үчүн электрондук шайлоо бюллетени (мындан ары - электрондук бюллетень) пайдаланылат.
Талапкерлердин сүрөтү менен электрондук бюллетендин формасын жана текстин мамлекеттик жана расмий тилдерде КР БШК бекитет, мында талапкерлерди жайгаштыруу тартиби кагаз түрүндөгү шайлоо бюллетенинин текстине дал келтирилет.
17. Электрондук бюллетендин формасы бекитилгенден кийин талапкер чыгып кеткен учурда электрондук бюллетендеги талапкердин позициясы активдештирилбейт, бул чыгып кеткен талапкер үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
18. Аралыктан добуш берүү башталгандан кийин электрондук бюллетенге өзгөртүүлөр киргизилбейт.
5. Аралыктан добуш берүүнүн тартиби
19. Аралыктан добуш берүү шайлоо күнү, жергиликтүү убакыт боюнча 8.00дөн 20.00 саатка чейин жүргүзүлөт.
Аралыктагы формада добуш берүү үчүн идентификациялоочу жана добуш берүүчү электрондук жабдуунун экранында чагылдырылган электрондук бюллетень колдонулат.
20. Шайлоочу аралыкта добуш берүүчү жерде биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациядан өтүүсү зарыл. Шайлоочуларды идентификациялоо идентификациялоонун жана добуш берүүнүн электрондук жабдуусу аркылуу ишке ашырылат.
Шайлоочу биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан ийгиликтүү өткөн учурда идентификациялоочу жана добуш берүүчү электрондук жабдуунун экранында шайлоо округу көрсөтүлүү менен ал жөнүндө маалымат жана сүрөтү чыгат.
Шайлоочуну идентификациялоо жыйынтыгы аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасына орнотулган атайын экранда чагылдырылат.
21. Андан кийин система тийиштүү шайлоо округунун электрондук бюллетенине жол берет.
Шайлоочу электрондук бюллетень көрсөтүлгөндөн кийин добуш берүүгө киришет.
22. Аралыктагы формада өз эркин билдирүүнү тандап алган талапкерге тийиштүү анын позициясына же болбосо "Баардык талапкерлерге каршы" позициясына ("Тандоо" кнопкасын басуу менен) идентификациялоочу жана добуш берүүчү электрондук жабдуунун экранына белги коюу аркылуу ишке ашырылат.
Шайлоочу добуш берүү аяктаганга чейин өзүнүн тандоосун тактоого укуктуу. Андан кийин аралыкта добуш берүү жабдуусунун экранындагы "Добуш берүү" кнопкасын басуу менен шайлоочу өзүнүн тандап алуусун тастыктайт жана добуш берүү процессин аяктайт.
23. Шайлоочу добуш бере турган талапкерлердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашпоого тийиш.
24. "Баардык талапкерлерге каршы" позициясын тандап алган учурда башка позициялар үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгү бөгөттөлөт.
25. Өз эркин билдиргенден кийин же болбосо кайра билдиргенден кийин өз эркин өзгөртүүгө жол берилбейт.
26. Аралыктан добуш берүүнү жүргүзүүдө шайлоочулардын эркин билдирүүсүнүн натыйжалары блокчейн технологияларын пайдалануу менен аларды түзүү аяктаганда анонимдештирилет.
6. Аралыктан добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнүн тартиби
27. Аралыктан добуш берүүгө байкоочулар шайлоо процессинин субъекттери тарабынан дайындалат жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте АШК жана КР БШК тарабынан катталат.
28. Аралыкта добуш берүүгө байкоо жүргүзүү үчүн КР БШКда аралыктан добуш берүүгө байкоо жүргүзүү борбору түзүлөт.
7. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол
29. Аралыктан добуш берүү аяктагандан кийин система автоматтык түрдө ар бир шайлоо округдары боюнча бекитилген формада аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол (мындан ары - протокол) түзөт.
30. Протокол төмөндөгү маалыматтарды өзүнө камтыйт:
- алган добуштарынын санын көрсөтүү менен талапкерлердин тизмеси;
- "Баардык талапкерлерге каршы" позициясына берилген добуштардын саны;
- аралыктан добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны;
- аралыктан добуш берүү үчүн идентификациядан өтүшкөн шайлоочулардын саны;
- аралыктагы формада добуш беришкен шайлоочулардын саны.
31. Протокол ар бир шайлоо округдары боюнча өзүнчө басылып чыгарылат. Протоколдун маалыматтары тийиштүү деңгээлде добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда эске алынат.
32. Эгерде аралыктан добуш берүүнү жүргүзүүдө аралыктан добуш берүүнүн катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнүн натыйжаларын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузууларга жол берилсе, шайлоо участкалары, шайлоо округу боюнча аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы АШК тарабынан анык эмес деп таанылышы мүмкүн.
Мындай учурда шайлоонун натыйжалары аралыктан добуш берүүлөрдү эсепке албай туруп, шайлоо участкаларындагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча белгиленет.