Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-октябры № 96
Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу
2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) жаран Т.Умралиевадан арыз келип түшкөн. Арызда Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Н.И.Ладожинскаянын Россия Федерациясынын жарандыгы бар экендиги тууралуу билдирген. Ушуга байланыштуу Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Н.И.Ладожинскаянын башка жарандыгы бар экендигин текшерүү жүргүзүүнү өтүнгөн.
2022-жылдын 27-майында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген тартипте Н.И.Ладожинскаянын башка жарандыгы бар/жок экендигин аныктоо үчүн Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына суроо-талап жөнөтүлгөн.
2023-жылдын 26-майында Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен (26.05.2023-жыл № 8/836) Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинен келген маалымат келип түшкөн, ага ылайык:
"Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча "Россия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө" РФнын 1991-жылдын 28-ноябрындагы № 1947-1 Мыйзамынын 18-беренесинин "г" пунктунун негизинде 31.01.1994-ж. Бишкек шаарындагы Россия Федерациясынын элчилигинде 06.10.1958-ж. төрөлгөн Ладожинская Надежда Ивановнанын Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгы жөнүндө маалымат бар.
Текшерилген адамдын Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө маалымат жок".
Бул маалымат Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына кароо үчүн жөнөтүлгөн.
2023-жылдын 30-майында Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы Н.И.Ладожинскаядан Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө маалыматты 2023-жылдын 6-июнуна чейин берүүсү тууралуу жазуу жүзүндө суроо-талабын жөнөткөн.
Н.И.Ладожинская белгиленген мөөнөттө Кара-Балта шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн, катталган жана депутат болуп шайланган учурда Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгын тастыктаган документти берген эмес.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык башка мамлекеттин жарандыгы бар же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алуу фактысы белгилүү болсо, бул депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнүн мурда токтотууга негиз болуп саналат.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык "Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз келип чыккан күндөн тартып тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы 30 календарлык күндөн кечиктирбестен кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат".
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 6-июнундагы № 20 чечими менен "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, ошондой эле Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынан алынган маалыматтын негизинде "Социал демократтар" депутаттык фракциясынан Кара-Балта шаардык кеңешине депутат Н.И.Ладожинскаянын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, "Арыздарды (даттанууларды), ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар жөнүндө маселени кароодо кызыкчылыктары бар тараптарга, жактарга же өкүлдөргө кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарланат. Көрсөтүлгөн жактар каралып жаткан маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу".
2023-жылдын 8-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Н.И.Ладожинскаядан Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын жогоруда аталган чечимине даттануу келип түшкөн. Н.И.Ладожинская өзүнүн даттануусунда Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 6-июнундагы чечимин жокко чыгарууну жана териштирүү жүргүзүүнү өтүнгөн.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине Н.И.Ладожинскаянын даттануусун кароонун алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2023-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилигине Н.И.Ладожинскаянын Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандагы тууралуу маалымат берүүнү расмий суроо-талап жөнөтүлгөн.
2023-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилиги төмөндөгүлөрдү билдирген: "россиялык жарандыгы бар же жоктугу жөнүндө маалыматты алуу үчүн Н.И.Ладожинскаянын өзү Россия Федерациясынын жарандыгы бар экендигин же болбосо жоктугун тастыктаган шарттарга текшерүү жүргүзүү жөнүндө арыз менен Россия Федерациясынын элчилигинин консулдук бөлүмүнө өзү кайрылуусу зарыл.
Мындай кайрылуу болбогон учурда анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштетүүгө Н.И.Ладожинскаянын макулдугун Элчиликке берүүгө жол берилет, анын кол тамгасы Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилигинин консулдук бөлүмүндө нотариус менен тастыкталууга тийиш".
2023-жылдын 22-июлунда Россия элчилигинин катынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Россия Федерациясынын элчилигинин консулдук бөлүмүндө жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдук берүүнүн зарылдыгы жөнүндө Н.И.Ладожинскаяга жазуу жүзүндө маалымдаган.
2023-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилигинин консулдук бөлүмү Н.И.Ладожинскаяга мына буларды маалымдаган: "11.08.2023-ж. Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилигинин консулдук бөлүмүндө 06.10.1958-ж. төрөлгөн Ладожинская Надежда Ивановнанын Россия Федерациясынын жарандыгы бар/жок экендигин тастыктаган шарттарды текшерүүгө арызы кабыл алынды.".
2023-жылдын 26-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрадан жиберген суроо-талабына Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилиги мындай маалымат берген: "27.07.2006-ж. М l52-ФЗ "Жеке маалыматтар жөнүндө" Россия Федерациясынын Федералдык мыйзамынын талаптарын эске алып, 06.10.1958-ж. төрөлгөн Ладожинская Надежда Ивановнанын Россия Федерациясынын жарандыгы бар/жок экендигин тастыктаган шарттарды текшерүүнүн натыйжалары анын жеке өзүнө гана берилиши мүмкүн".
2023-жылдын 28-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясына Н.И.Ладожинскаядан кайрылуу келип түшкөн, анда Россия Федерациясынын консулдук бөлүмүнүн расмий жообун күтүүнү өтүнгөн. 2023-жылдын 28-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Н.И.Ладожинскаядан Россия Федерациясынын жарандыгы жок же жарандыктан чыккандыгы жөнүндө маалымат берүүнү кайрадан сураган.
Бүгүнкү күнгө чейин Н.И.Ладожинская тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына да, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына да Кара-Балта шаардык кеңешине депутаттыкка аны көрсөткөн, талапкер кылып каттаган жана депутат болуп шайланган учурда Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгын тастыктаган документ берилген жок.
2023-жылдын 29-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясына Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 6-июнундагы № 20 чечими келип түштү.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 6-июнундагы № 20 чечими "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин нормаларына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин тараптарына Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин ылайык келүүсүн карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Социал демократтар" депутаттык фракциясынан Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешине депутат Н.И.Ладожинскаянын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 6-июнундагы № 20 чечими бекитилсин.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, билип туруп анык эмес маалымат бергендиги үчүн, Н.И.Ладожинскаяны жоопкерчиликке тартуу маселесин кароого Жайыл аймактык шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Балта шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 06-октябрындагы № 80 (3529) саны менен жарыяланды.
Төрага | Н.Шайлдабекова |