Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 22-январы №34
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылдык округунун аймагында жайгашкан 28,1 га - Кыргыз Республикасынын жарандары: Осмонова Зуурабүбү Айыповнага - 10,1 га жана Саринжиева Бегайымга - 18,0 га жеке менчик укугунда таандык сугат айдоону жеке турак жай куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери менен бирдикте жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
Премьер-министр | И.Чудинов |