Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 10-февралы ПЖ № 97
2008-жылга адабият, көркөм өнөр жана архитектура жагындагы Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын берүү жөнүндө
Адабият, көркөм өнөр жана архитектура жагындагы Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча Комитеттин чечимин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Адабият, көркөм өнөр жана архитектура жагындагы Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча Комитеттин 2008-жылдын 29-сентябрындагы төмөнкү маданият ишмерлерине 2008-жылга адабият, көркөм өнөр жана архитектура жагындагы Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын берүү жөнүндө чечими бекитилсин:
Жазуучу Акматов Казатка - "Архат" романы үчүн;
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Асанкулова Эльвира Керезбековнага - "Травиата" операсындагы Виолеттанын партиясын аткаргандыгы үчүн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |