Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 10-февралы ПЖ № 98
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын улуттук жана эл аралык маанидеги биосфералык резерваттын статусуна ылайык туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүүнүн тиркелген Концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- долбоорун тиешелүү Республикалык комиссия иштеп чыккан "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын 2011-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүүнүн Программасын эки айлык мөөнөттө карап чыксын жана бекитсин;
- "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын 2020-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүүнүн үч жылдык Программасын ар бир кийинки үч жылда иштеп чыксын жана бекитсин;
- Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту жыл сайын 20-январга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |