Редакцияот 20.02.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 20-февралы ПЖ №126

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр жиберилсин:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Абдухалыков Мелис Асанбекович жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Жалалова Марипат Шерматовна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Турдалиев Азизбек Мэлсович жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К.Бакиев