Редакцияот 03.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 3-марты ПЖ № 145

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Джитишикова Гульнара Аскарбековна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Эргешова Мастурахан жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облусунун Токмок шаардык сотуна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К.Бакиев