Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 10-марты ПЖ № 153
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмүн оптималдаштыруу жана анын функциялык ишин жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы N 385 "Мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген N 1 тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы" деген бөлүктүн II тобундагы "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүмдүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары" деген сапка "- уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы" деген сөздөр кошулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |