Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК
2009-жылдын 3-апрели ПЖ № 187
"Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы Указына толуктоо киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык токтом кылам:
1. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы № 36 Указы менен бекитилген "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |