Редакцияот 06.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 6-апрели ПЖ № 191

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жөнөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр жөнөтүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Курманова Гульнара Карпековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Джаркимбаев Оторбай Карыпбаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ысык-Көл облустук сотуна.

2 Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев