Редакцияот 07.02.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 7-апрели ПЖ № 192

Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө

Өлкөнүн кодун билдирген "KG" жогорку деңгээлдеги домени улуттук ресурс болуп саналгандыгын эске алып жана улуттук домендик аталыштардын системасынын иштешин уюштуруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы "KG" домендик аталышын тескеген орган болуп санала тургандыгы максатка ылайыктуу деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- "KG" жогорку деңгээлдеги домендик аталышты тескөөнү өткөрүп берүү боюнча иш-чаралардын планын даярдасын;

- ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат жана укук саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев