Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 7-апрели ПЖ № 193
Кыргызстан калкы Ассамблеясынын мүчөлөрүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республикада улуттар аралык ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө, ошондой эле улуттук маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн:
Сан Борис Анатольевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасындагы Корейлердин коомдук бирикмесинин президенти;
Березикова Надежда Борисовна - Токмок шаарындагы Достук үйүнүн директору,Токмок шаарынын Этностук өнүктүрүү кеңешинин төрагасынын орун басары, Чүй облусу;
Каримов Султанжан Осмонович - "Иттипак" уйгурлардын коомдук бирикмесинин маданият бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын "Достук" ансамблинин солисти;
Лигай Татьяна Георгиевна - "Маннам" элдик өз демилгелүү жамаатынын жетекчиси, Кыргыз Республикасындагы Корейлердин коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Мейзер Зульфия Сулеймановна - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын "Достук" ансамблинин солисткасы, Кыргыз Республикасындагы Дунгандардын коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Мусин Эржан Сейсенович - Бишкек шаарынын мэриясынын маданият Башкармасынын "Семетей" ыр жана бий ансамблинин солисти-вокалисти, Кыргыз Республикасындагы "Отан" казак маданий борбору" коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Сабиров Пулат Саидович - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн төрагасынын орун басары;
Хлыпенко Георгий Николаевич - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин тарых жана адабият теориясы кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасындагы "Берегиня" Украина коому" коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Чолова Айнагүл Торгоевна - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын маданият жана билим берүү боюнча кеңешчиси
Шонкорова Гульгана Салимовна - "Туган Тел" татар-башкыр маданий борбору" коомдук бирикмесинин "Туган Тел" радиопрограммасынын жетекчиси.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |