Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 8-апрели ПЖ № 195
Кыргызстан мусулмандарынын жаңы борбордук мечитинин курулушун мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мусулман жарандарынын чогуу же ачык тартипте Кудайга сыйынуу, динге ишенүү жана диний ырым-жырымдарды аткарууга болгон керектөөлөрүн канааттандырган республиканын жаңы борбордук мечитин курууда Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында;
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14, 42- жана 47-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5- жана 16-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 384-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7- жана 9-беренелерин көңүлгө алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармасына Кыргызстан мусулмандарынын жаңы борбордук мечитин куруу үчүн Бишкек шаары, Жибек-Жолу, 264 дарегинде жайгашкан аянты 3,261 гектар имаратты жамаатташ жер участкасы менен 49 жылдык мөөнөткө белгиленген тартипте пайдаланууга өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик кыймылсыз мүлктү пайдаланууга укукту мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
3. Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармасы жаңы борбордук мечитти курууну Кыргыз Республикасынын архитектуралык-шаар куруу мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тарых Институту иликтөө иштерин жүргүзүүдө жана ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн дарек боюнча Кыргызстан мусулмандарынын борбордук мечитин куруу процессине көзөмөлдүк жүргүзүүнү камсыз кылсын жана зарыл болгон учурда археологиялык табылгалар боюнча чаралардын комплексин кабыл алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тарых Институтуна аталган Институтка тапшырылган смета боюнча финансы каражаттарын бөлсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынан келип чыккан иш-чараларды жүргүзсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |