Загрузка документа…
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ № 301 Жарлыгы менен бекитилген |
"Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурс жана анын сыпатталышы жөнүндө ЖОБО
1. Конкурска Кыргыз Республикасынын бардык каалаган жарандары геральдика боюнча адистер, сүрөтчү-дизайнерлер катыша алат.
2. "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн иштеп чыгууда мамлекеттик, улуттук символиканын жана оюу-чиймелердин элементтери, дүйнөлүк геральдика маданиятынын мыкты жетишкендиктери пайдаланылганы алгылыктуу.
3. Сыйлык белгилердин өндүрүү технологиясын, эритмелерди, асыл таштарды жана башка материалдарды сөзсүз эсепке алуу үлгүлөрдү иштеп чыгуунун милдеттүү шарты болуп саналат.
4. Мамлекеттик сыйлыкты мүмкүн болуучу ар кандай жасалма жасоодон коргоо чаралары көрүлүүгө тийиш.
5. Алтын, күмүш жана түстүү металлдардан (жез, коло, томпак, латунь, мельхиор) башка түстүү ысык эмаль (колдонуу ыкмасы - чуңкурлуу, кырдуу тосмолуу жана жылма) колдонулушу мүмкүн.
6. Долбоорлордун технологиялык сыпатталышын түзүүдө колдонулуучу материалдарды, ал эми техникалык чиймелерде бардык өлчөмдөр 1:1 масштабында миллиметр менен (узундугу, жазылыгы, бийиктиги, диаметри жана кесилиши), башкача айтканда, белгинин накта чоңдугу көрсөтүлүүгө тийиш. Белгинин ариптик текстинин тамгаларынын көрсөтүлүшү да алгылыктуу (алар рельеф жана контррельеф, башкача айтканда, томпок же чуңкур түрүндө аткарылат).
Үлгүлөрдүн долбоорлорунун түстүк чечилишинде ар бир түстүн ортосун бөлүп туруучу чийиндер түстүү ысык эмалды пайдаланууда колдонулган баалуу же түстүү металлдардын түстөрүнө негизденүү менен көрсөтүү зарыл, алардын жок болушу түстүү көркөм сүрөттүк чечилиштерге жана белгини технологиялык жактан жасоого терс таасирин тийгизет.
7. Иштелип чыгып жаткан бардык үлгүлөрдө тагып жүрүү үчүн бекитүү ыкмаларын (ар кандай түрдөгү төөнөгүчтөр, сайы бар бурамалуу бекиткичтер, декорациялык чынжырчалар ж.б.) колдонуу каралышы керек.
Эгерде, иштелип чыккан белги бир нече бөлүктөрдөн, башкача айтканда, колодкадан жана илгичтен турса, анда техникалык чиймеде бириктирүүчү звенолордун өлчөмү жана профили көрсөтүлүүгө тийиш.
8. Кыргыз Республикасынын жаңы орденинин долбоору өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин түзүүчүлөрдүн автордук укуктарын сактап калуу менен республиканын менчиги болуп калат жана кийин белгилерди өнөр жайлык чыгарууда сыйлык акы төлөнбөйт.
9. Конкурстун сыйлоо фонду "Курманжан Датка" орденинин үлгүсүн тандоо жана анын сыпатталышы боюнча конкурстук комиссиянын (мындан ары - Комиссия) тарабынан түзүлөт. Сыйлоо фонддун өлчөмү 75000 сомду түзөт. Конкурстун жеңүүчүсүнө каралган сыйлык акысынын өлчөмү 45000 сомду түзөт.