Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 27-апрели ПЖ № 210
Мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларынын майыптык боюнча пенсияларынын эң төмөнкүөлчөмүн жогорулатуу жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучулары үчүн компенсацияларды белгилөө жөнүндө
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун камсыз кылуу жана пенсионерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги, аскердик же жарандык маанидеги башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюу ишине Кыргызстандын жарандарынын кошкон кыйла салымын таанып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясынын "в" пунктунда каралган мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптык боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү 2009-жылдын 1-майынан тартып 800 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучуларынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсияларына ар айдагы компенсациялык төлөмдөр 2009-жылдын 1-майынан тартып төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
- пенсияларынын өлчөмдөрү 2800 сомдон ашыкты түзгөн адамдарга 300 сом өлчөмүндө;
- пенсияларынын өлчөмдөрү 2800 сомго жетпеген адамдарга, - 2800 сомдун жана алуучу пенсиясынын өлчөмүнүн ортосундагы айырма катарында аныкталган суммада, мында компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү 300 сомдон аз болушу мүмкүн эмес.
Мындан ары пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу учурунда пенсионерлерге компенсациялык төлөмдүн ушул өлчөмү сакталат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ар айдагы компенсациялык төлөмдөр үчүн зарыл финансылык каражаттарды тапсын.
4. Бул Жарлыктын 1- жана 2-пункттарында каралган пенсияларды жана компенсацияларды кайра эсептөө жана төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
5. "Аскер кызматын өтөө учурунда майыптыкты алган кыска мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларына майыптык боюнча пенсиянын эң төмөнкү өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 23-июлундагы № 263 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |