Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 30-апрели ПЖ № 223
Пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө
Республиканын пенсионерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2009-жылдын 1-июлуна чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 2009-жылдын 1-июлунан тартып 15 пайызга жогорулатылсын.
2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы №193 Жарлыгына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыгууларга байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул Жарлыкка ылайык белгиленген тартипте пенсияларды өз убагында кайра эсептеп чыгууну жана аларды төлөөнү камсыз кылсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 30-апрели ПЖ № 223
Пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө
(КР Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы ПЖ № 253 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Республиканын пенсионерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2009-жылдын 1-июлуна чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 2009-жылдын 1-июлунан тартып 40 пайызга жогорулатылсын.