Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 15-майы ПЖ № 239
"Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-январындагы № 36 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Комиссиянын курамынан Т.Б.Мамытов, Т.Т.Кыдыров, Т.У.Субанов чыгарылсын;
- Комиссиянын курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Жороев Каныбек Таирович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагалыгына;
Исаев Талантбек Кедейканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Казакбаев Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |