Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 16-майы ПЖ № 241
Мамлекеттик стратегиялык долбоорлор жөнүндө
Өлкөнүн жаңыланууга карай Багытынын чектеринде, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн тыгыз өнөктөштүгү менен өндүрүштү, атап айтканда, кайра иштетүү, капиталды жана илимди көп талап кылган тармактарды өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган экономиканы жана социалдык секторду жаңылоонун максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык диалогдун, мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун күч-аракетин бириктирүүнү караган мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде мамлекеттик стратегиялык долбоорлорду жакынкы келечекте жүзөгө ашыруу өлкөнүн экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган аныктоочу багыттардын бири деп эсептелсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- республиканын калкынын жашоо турмушун сапаттык жактан жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле республиканын стратегиялык объекттеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган коомдук мааниси бар орто жана узак мөөнөттүү долбоорлор мамлекеттик стратегиялык долбоорлор болуп санала тургандыгы;
- мамлекеттик стратегиялык долбоорлорду финансылоо мамлекеттик бюджеттин, Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү Фондунун, тартылган жеке инвестициялардын каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы;
- мамлекеттик стратегиялык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун чегинде жаңы жумушчу орундарын түзүүнү, экономиканын тармактарын технологиялык жактан кайра жабдууну, инфраструктураны жана өндүрүштү өркүндөтүүнү, туруктуу энергия менен жабдууну, инновациялык технологияларды киргизүүнү жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
3. Мамлекеттик стратегиялык долбоорлордун тизмеси Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фондунун директорлор Кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан даярдалып жана Кыргызстанды стратегиялык жактан өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кароосуна киргизиле тургандыгы белгиленсин. Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фондунун директорлор Кеңешине сунушту жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, бизнес-жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен даярдоо сунуш кылынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- эки жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
мамлекеттик стратегиялык долбоорлордун экономикалык жана финансылык натыйжалуулугунун индикаторлорун аныктоо менен аларга карата талаптарды;
мамлекеттик стратегиялык долбоорлорду финансылоонун, алардын отчеттуулугунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн тартибин;
- бир айлык мөөнөттө:
кийин бекитүү үчүн мамлекеттик стратегиялык долбоорлордун тизмеси боюнча сунуштарды Кыргызстанды стратегиялык жактан өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кароосуна киргизсин;
- үч айлык мөөнөттө:
төмөнкү маселелерди чечүү максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизме боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн шартында инфраструктуралык объекттерди концессияга берүү;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн шартында жаңы социалдык-маданий комплекстерди (балдар бакчаларын, мектептерди, жаңыланган поликлиникаларды жана башка объекттерди), социалдык турак үйлөрдү жаңы технологияга ылайык курууну жана эксплуатациялоого берүүнү.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |