Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 22-майы ПЖ №251
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 29-майындагы "Республиканын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөрдү жана мекемелерди Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кабыл алуу жөнүндө" Указына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык аскер обьекттеринин иштешин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык жана 2002-жылы 13-июлда Бишкек шаарында кол коюлган 1993-жылдын 5-июлундагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык аскер объекттерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жана Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын Кыргыз Республикасындагы статусу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Макулдашуунун 1994-жылдын 21-июлундагы Протоколуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 29-майындагы № 180 "Республиканын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөрдү жана мекемелерди Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кабыл алуу жөнүндө" Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Указдын тиркемесиндеги:
"Россия Федерациясынын коргоо министрлигинин
сейсмикалык кызматынын № 1 автоматтык
сейсмикалык станциясы Ичке-Суу айылы"
деген позиция алып салынсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |