Редакцияот 26.05.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 26-майы ПЖ № 253

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги "Пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Дүйнөлүк финансы каатчылыгынын таасири менен шартталган тобокелдиктерди жана коркунучтарды жоюу шартында пенсионерлерге колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 223 "Пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттагы "15" деген сан "40" деген сан менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К.Бакиев