Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 26-майы ПЖ № 252
Пенсиялардын базалык бөлүгү жөнүндө
Дүйнөлүк финансылык каатчылыктын таасиринен келип чыккан тобокелдиктерден жана коркунучтардан арылуу шарттарында пенсионерлерге колдоо көрсөтүү жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин аткаруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалуучу пенсиялардын базалык бөлүгү 2009-жылдын 1-июлунан тартып көбөйтүлсүн жала ал 800 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыгууларга байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- белгиленген тартипте ушул Жарлыкка ылайык пенсияларды өз убагында кайра эсептеп чыгууну жана аларды төлөөнү камсыз кылсын;
- мыйзамга ылайык камсыздандыруу взносторун пенсиянын топтолуучу бөлүгүнө которууну карасын;
- камсыздандыруу взносторун жыйноонун деңгээлин төмөнкүлөрдөн кем эмес өлчөмдө камсыз кылсын:
2010-жылы 89 пайыздан;
2011-жылы 91 пайыздан;
2012-жылы 93 пайыздан;
2013-жылы 95 пайыздан;
2014-жылы 97 пайыздан.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген пенсиялардын базалык бөлүгүн каржылоону республикалык бюджетке которсун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөндө көрсөтүлгөн өлчөмдө жана мөөнөттө акча каражаттарын бөлүүнү камсыз кылсын:
2010-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жөнөтүлүүчү каражаттардын жылдык керектөөлөрүнөн 20 пайыз;
2011-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жөнөтүлүүчү каражаттардын жылдык керектөөлөрүнөн 40 пайыз;
2012-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жөнөтүлүүчү каражаттардын жылдык керектөөлөрүнөн 60 пайыз;
2013-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жөнөтүлүүчү каражаттардын жылдык керектөөлөрүнөн 80 пайыз;
2014-жылдын 1-январынан тартып жана андан кийинки жылдары - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жөнөтүлүүчү каражаттардын жылдык керектөөлөрүнөн 100 пайыз;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 26-майы ПЖ № 252
Пенсиялардын базалык бөлүгү жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 212 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Дүйнөлүк финансылык каатчылыктын таасиринен келип чыккан тобокелдиктерден жана коркунучтардан арылуу шарттарында пенсионерлерге колдоо көрсөтүү жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин аткаруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалуучу пенсиялардын базалык бөлүгү 2009-жылдын 1-июлунан тартып көбөйтүлсүн жала ал 800 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыгууларга байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- белгиленген тартипте ушул Жарлыкка ылайык пенсияларды өз убагында кайра эсептеп чыгууну жана аларды төлөөнү камсыз кылсын;
- мыйзамга ылайык камсыздандыруу взносторун пенсиянын топтолуучу бөлүгүнө которууну карасын;
- камсыздандыруу взносторун жыйноонун деңгээлин төмөнкүлөрдөн кем эмес өлчөмдө камсыз кылсын:
2010-жылы 89 пайыздан;
2011-жылы 91 пайыздан;
2012-жылы 93 пайыздан;
2013-жылы 95 пайыздан;
2014-жылы 97 пайыздан.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген пенсиялардын базалык бөлүгүн каржылоону республикалык бюджетке которсун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөндө көрсөтүлгөн өлчөмдө жана мөөнөттө акча каражаттарын бөлүүнү камсыз кылсын:
2010-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жөнөтүлүүчү каражаттардын жылдык керектөөлөрүнөн 20 пайыз;
2011-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жөнөтүлүүчү каражаттардын жылдык керектөөлөрүнөн 40 пайыз;
2012-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жөнөтүлүүчү каражаттардын жылдык керектөөлөрүнөн 60 пайыз;
2013-жылдын 1-январынан тартып - пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө жөнөтүлүүчү каражаттардын жылдык керектөөлөрүнөн 80 пайыз;
(КР Президентинин 2013-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 212 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

А.Атамбаев |