Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 29-майы ПЖ № 256
Финансылык тартипти чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө
Финансылык тартипти чыңдоо, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун жана үнөмдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Республикалык бюджетти бекиткенден кийин кабыл алынган жана республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган кошумча финансылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чыгымдарды жабуунун булактарын жана финансылоону жүзөгө ашырууну аныктаган ченемди камтууга тийиш экендиги белгиленсин.
2. Конкреттүү экономикалык негиздеме болмоюнча, чыгымдарды жабуунун булактарын аныктамайынча жана республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизмейинче министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарынын көлөмдөрүн көбөйтүүгө жол берилбесин.
3. Бюджеттик туруктуулуктун тобокелдиктерин башкаруунун узак мөөнөттүү келечектерин камсыз кылуу жана кошумча финансылык ресурстарды топтоо жана аларды сарамжалдуу пайдалануу аркылуу бюджеттик системага финансылык агымдарды турукташтырууга арналган бюджеттин резервин түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Резервдик фонду түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган кирешелерди кыскартууга же чыгымдарды азайтууга алып келүүчү мыйзамдарды жана токтомдорду кабыл алууда бир эле учурда алардын жаңы булактарын аныктоо, андан соң республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунуш кылынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республикалык бюджеттен финансылоону караган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын түгөлдөөнү үч айлык мөөнөттө жүргүзсүн жана зарылчылык болгон учурда алардын күчүн токтотуу жөнүндө же турмушка ашырылышы финансылоо булактары менен чыңдалбаган актыларды же алардын бөлүктөрүн күчүнө кирген датадан тартып күчүн жоготту деп табуу же алардын чыгымдарын жабуу булактары табылганга чейин күчүнө кире элек ченемдик укуктук актылар үчүн күчүнө кирүү датасын которуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте даярдасын;
- Кыргыз Республикасынын Резервдик фондунун иштешинин тартибин, аны түзүү булактарын жана каражаттарды пайдалануу тартибин жөнгө салган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин;
- бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын жана бюджеттик мекемелердин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн;
- мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында алар үчүн сатып алуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
- бардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын жана жүргүзсүн.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул Жарлыктын жоболорун эске алуу менен финансылык тартипти чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү сунуш кылынсын.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |