Редакцияот 09.06.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 9-июну ПЖ  № 267

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесиндеги 3-бөлүктүн экинчи абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр жиберилсин:

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Апышев Зарлык Мусаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна;

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Жайнаков Жеңишбек Эркебаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К.Бакиев