Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 29-июну ПЖ № 293
Саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын саламаттыкты сактоо системасына сиңирген эмгеги үчүн:
«Даңк» медалы менен сыйлансын:
Малаев Нимат | - Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун лор-бөлүмүнүн башчысы; |
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам берилсин:
Абдраманов Калдарбек Алишеровичке | - Жүрөктүн хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору;
|
Абдухалилов Ахмаджан Номанжановичке | - Жалал-Абад облусундагы С.Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасынын директору;
|
Алмалиева Алымкан Дүрбөлөңовнага | - Улуттук хирургиялык борбордун ириң-сепсистик гинекология бөлүмүнүн башчысы;
|
Асанова Гүлнур Мидиновнага | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинин диспансердик бөлүмүнүн башчысы:
|
Бегматов Абжалалбек Каримовичке | - Республикалык психикалык ден соолук борборунун директору;
|
Ибраимов Сапарга | - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук санитардык-эпидемиологиялык станциясынын башкы врачы;
|
Касымов Анвар Мирзаевичке | - Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын урология бөлүмүнүн башчысы;
|
Князев Александр Владимировичке | - Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылындагы аймактык оорукананын реабилитациялоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Мамадинова Гүлайымга | - Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы;
|
Момбеков Болотбекке | - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун Талас аймактык башкармасынын директору;
|
Мырзабекова Рахима Орозалиевнага | - Нарын облусунун Кочкор аймактык ооруканасынын врач-невропатологу;
|
Нурматова Зина Корчубековнага | - Улуттук госпиталдын медициналык реабилитациялоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Ормонова Апизахан Зулпукаровнага | - Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын пульмонология бөлүмүнүн башчысы;
|
Саякбаева Туратбүбүгө | - Ош шаарындагы «Мир семьи» үй-бүлөлүк медицина борборунун мектепке чейинки мектеп врачы;
|
Сулейманова Парида Токтосуновнага | - Бишкек шаарындагы «Стоматология» жоопкерчилиги чектелген коомунун врач-стоматологу;
|
Турсунбаев Сыртбай Сыдыковичке | - Ысык-Көл облустук региондук стоматологиялык бирикмесинин башкы директору;
|
Хожамов Хасан | - Баткен облусунун Лейлек аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы;
|
«Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилсин:
Макыева Зуураканга | - Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу; |
«Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам берилсин:
Каратаев Мадаминжан Мусаевичке | - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Адамалиев Кубанычбек | - И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдар хирургиясы кафедрасынын башчысы;
|
Ажибеков Жаныбек Асилбекович | - Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканасынын башкы врачы;
|
Айтмурзаева Гүлмира Ташмурзаевна | - Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директору;
|
Анварбекова Ырысбүбү | - И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борборунун кытай медицинасынын доктуру;
|
Баатырова Гүлнара Маришовна | - Ош облусунун Кара-Суу районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;
|
Борончиев Токтобек Турсуналиевич | - Бишкек шаарындагы № 6 стоматологиялык бейтапканасынын башкы врачы;
|
Васильева Ольга Игоревна | - Реконструкциялоо-калыбына келтирүү хирургиясынын Илимий борборунун жетектөөчү илимий кызматкери;
|
Давлетбаков Тилекмат | - Республикалык диагностикалык борбордун врач-гастроэнтерологу;
|
Деркембаева Мундук Сагымбаевна | - Ысык-Көл облусунун Түп үй-бүлөлүк медицина борборунун «Аракет» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун үй-бүлөлүк врачы;
|
Дербишев Толубай | - Баткен облусунун Лейлек аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн врач-инфекционисти;
|
Дворкин Михаил Ицкович | - И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бейтапканалык терапиянын үй-бүлөлүк медицинасы кафедрасынын доценти;
|
Жусупбекова Шааркан Болотовна | - Улуттук госпиталдын гастроэнтерология жана профпатология бөлүмүнүн врач-гастроэнтерологу;
|
Ибраева Седен Адыловна | - Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын терапия бөлүмүнүн башчысы;
|
Иманакунов Кочкунбек | - Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Көл облустук комитетинин төрагасы;
|
Иманкулов Абдыгали Нарынбаевич | - Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы;
|
Капаров Медербек Магдыбекович | - Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илимий-изилдөө институтунун филиалынын медициналык-реабилитациялык борборунун директору;
|
Касымбекова Калия Токтосуновна | - Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин вирусологиялык лабораториясынын башчысы;
|
Максимбеков Ибрагим Нуркулович | - Ош облустар аралык онкология борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары, врач-онкологу;
|
Маматов Сагынали Мурзаевич | - «СПИД» республикалык бирикмесинин башкы директору;
|
Матаипов Нуралы Калыбекович | - Чүй облустук бириккен ооруканасынын директорунун орун басары;
|
Разыкова Токтайым | - Ош облусунун башкы мамлекеттик санитардык врачы;
|
Рустанбекова Седеп Султанкуловна | - Улуттук хирургия борборунун ириң-сепсистик гинекология бөлүмүнүн врач-акушер-гинекологу;
|
Сатыбалдыева Элмира Ракиевна | - Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кеңеш берүү-диагностикалоо бөлүмүнүн врач-лаборанты;
|
Тазабекова Жамал Исмаиловна | - Ош облусунун ички иштер башкармасынын медициналык кызматынын врач-терапевти;
|
Ташибекова Гүлнара Адыловна | - Бишкек шаарындагы медициналык тез жардам станциясынын башкы врачы;
|
Тобокалова Сапарбү | - Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун жугуштуу оорулар курсунун башчысы;
|
Хусенова Махбүбү Юсуповна | - Баткен бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы;
|
Чолпонбаева Гүлзуура Назаркуловна | - врач-акушер-гинеколог, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы. |
Кыргыз Республикасынын Президенти | К. Бакиев |