Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 29-июну, ПЖ № 294
Республиканын малчыларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн:
«Даңк» медалы менен сыйлансын:
Жумаков Жумагул | - Нарын облусунун Ат-Башы районунун «Жумак» асыл тукум жана үрөн өстүрүү чарбасынын жетекчиси;
|
Умурбеков Акыл Козуевич | - Баткен облусунун Баткен районунун «Топоз-Баткен» асыл тукумдуу топоз багуу чарбасынын жетекчиси;
|
«Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер»
деген ардактуу наам берилсин:
Женалиев Ниймат Абдрахмановичке | - Баткен облусунун Лейлек районунун «Чимген» фермердик чарбасынын жетекчиси;
|
Мурзалиева Тотуга | - Ош облусунун Алай районунун «Нурлан» фермердик чарбасынын жетекчиси;
|
Тагаев Өскөнбай Ираимовичке | - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун «Тагай-Тилек» фермердик чарбасынын жетекчиси;
|
Үмөталиев Заводбек Тентимишовичке | - Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков атындагы айыл чарба кооперативинин башкармасынын төрагасы;
|
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Абдыкеримов Урумбек | - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун «Урумбек» дыйкан чарбасынын жетекчиси;
|
Жонгучкаев Акылбек Сабырбекович | - Чүй облусунун Ысык-Ата районунун «Сырга» дыйкан чарбасынын жетекчиси;
|
Кадыров Сагынбай Акунович | - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун «Жеңиш-Нур» айыл чарба сервистик кооперативинин жетекчиси;
|
Кудабаев Дилдемурат | - Талас облусунун Талас районунун «Манас» ветеринардык сервисинин жетекчиси;
|
Маматов Туратбек | - Ош облусунун Өзгөн районунун «Таирбек» асыл тукум чарбасынын жетекчиси;
|
Нургазиев Рысбек Зарылдыкович | - А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директору;
|
Орозалиев Төлөмүш | - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин айыл чарбасын механикалаштыруу кафедрасынын башчысы;
|
Раимбердиев Жеңишбек Жумабаевич | - Ош облусунун Чоң-Алай районунун «Төр-Өтек» дыйкан чарбасынын мүчөсү;
|
Сатыбалдиев Абдыкапар Токторалиевич | - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун «Т.Сатыбалдиев» асыл тукум фермердик чарбасынын жетекчиси;
|
Сүйүнтбеков Марат Төрөкулович | - Талас облусунун Кара-Буура районунун М.Н.Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунун директору;
|
Ташматов Абдулажан Юсупжанович | - Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Десерт ачык акционердик коомунун директору;
|
Чолуев Салыбек Торгоевич | - Нарын облусунун Тянь-Шань мамлекеттик асыл тукум заводунун директору. |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |