Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 1-июлу ПЖ № 301
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесиндеги 3-бөлүктүн экинчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр жиберилсин:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Сулайманов Кубанычбек Джантороевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Чүй облустук сотуна;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Калыбаев Алмаз Жээнкулович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |