КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 7-августу ПЖ № 326
С.Н.Абдибаева, Н.А.Атаназаров ж.б. жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, 83-беренесинин 6-пунктунун экинчи абзацына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Абдибаева Салтанат Нышановна - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Атаназаров Нурланбек Алайдинович - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Кулчунов Мойдун Акулуевич - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Сматов Жолдошбек Шаршеналиевич - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына;
- Толубаева Бермет Мамыровна - беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |