Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 22-сентябры ПЖ № 358
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин конституциялык статусун чыңдоо, анын социалдык-коомдук маанисин жогорулатуу, ошондой эле кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүн жана маданий-тарыхый мурастарын кеңири жайылтуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин жыл сайын белгиленүүчү Күнү катары белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |