Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 13-октябры ПЖ № 373
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы Жарлыгына толуктоону жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесинин негизинде токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы N 385 Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген 1-тиркемедеги "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүктүн "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги" деген бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмчө менен толукталсын:
Мамлекеттик агенттиктин, министрликке (мамлекеттик комитетке) караштуу мамлекеттик инспекциянын директору
Департаменттин, фонддун, мамлекеттик органга караштуу борбордун директору";
б) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген 2-тиркемеде:
- "Министрликтер, мамлекеттик комитеттер" деген 8-главанын "Башкы кызмат орду" категориясындагы "Б1" тобунда экинчи-төртүнчү саптар алып салынсын;
- 9-главада:
"Башкы кызмат орду" категориясындагы "Б1" тобу алып салынсын;
"Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге караштуу мамлекеттик органдар" деген бөлүмдүн "Башкы кызмат орду" категориясындагы "Б2" тобунун биринчи сабында "инспекциянын, департаменттин, борбордун, фонддун, каттоо конторасынын директору" деген сөздөр алып салынсын;
- 14-главанын "Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволоруна баш ийүүчү мамлекеттик органдар" деген бөлүмүнүн "Башкы кызмат орду" категориясындагы "Б2" тобу алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |